Семинарладын программалары

2024-жыл Февраль Балдарга жана ымыркайларга квалификациялуу стационардык медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча тренинг

 

2023-жылдын 25-26, 27-28-апрелинде «Медициналык кызматкерлердин инсандар аралык коммуникация көндүмдөрү» жана «Медицина кызматкерлери үчүн клиникалык насаатчылык» программалары боюнча окуу семинарлары өткөрүлдү.

 

2023-жылдын 28-февралынан 2-мартына чейин Бишкек медициналык колледжинин окуу-методикалык борборунда Кыргызстандагы медициналык колледждердин окутуучуларына жаш балдардын өнүгүүсүнүн артта калышын жана кыйынчылыктарын аныктоо боюнча онлайн-курс уюштурулду. 

 

2023-жыл 21-22-февраль күндөрү орто кесиптик билим берүүдөгү  “Медициналык айым иши” адистиги боюнча эксперименталдык программаны ишке ашырып жаткан Бишкек, Нарын, Токмок медколледждери жана ОшМУнун Өзгөн эл арлык жана Ош медициналык колледжинин окутуучулары “Окуутунун натыйжаларын баалоо” боюнча семинар-тренинге катышышты. 

 

2022-жылд  18-19-октябрда жана 28-29-ноябрда пилоттук медициналык колледждердин окутуучулары үчүн бир нече тандоо тесттик тапшырмаларды иштеп чыгуу боюнча тренинг өткөрүлдү. 

 

2022-жыл 22-24-ноябрда 29-30-ноябрда пилоттук медициналык колледждеринин практикалык медайымдары үчүн клиникалык насаатчылык боюнча семинарлар өткөрүлдү. Ошентип, клиникалык насаатчылык институтун уюштурууга жакшы башталыш жасалды!  22-24-ноябрь 2022-ж. Насаатчылар үчүн трениг семинар  

 

2022-жыл 11-ноябрда пилоттук колледждердин насаатчыларын жана клиникалык мекемелердин насаатчыларын даярдоо максатында медайым-студенттердин клиникалык даярдыгын башкаруу, багыттоо жана баалоо боюнча семинар өткөрүлдү. Семинардын программасы «Студент-Медайымдарды клиникалык окутууну башкаруу, лидерлик жана баалоо.

 

 

2022-жыл 27-июндан 1-июлга чейин эксперименталдык программанын катышуучулары үчүн "Кесиптик билим берүүдө компетентүүлүк мамилеге ылайык окуу-методикалык документтерди иштеп чыгуу жана технологияларды пайдалануу" аталышында семинар-тренинг болду.

 

2022-жыл 10-июнда «Кыргызстандагы медайымдарга сапаттуу билим берүү» аталышындагы пресс-кафе өткөрүлдү. 

 

2022-жыл 13-майда Эксперименталдык программа боюнча пилоттук медициналык колледждин окутуучулары жана клиникалык насаатчылар үчүн тренинг өттү.