#

Кыргызстандагы медициналык колледждердин окутуучуларына жаш балдардын өнүгүүсүнүн артта калышын жана кыйынчылыктарын аныктоо боюнча курс уюштурулду

апрель 6, 2023 104

Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин 09.10.2015-жылдагы №585 “Башкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде дени сак баланын абалына мониторинг жүргүзүү жөнүндө” буйругун аткаруу жана жаш балдардын өнүгүүсүнүн артта калышын жана кыйынчылыктарын эрте аныктоо жана андан ары окуу пландарына киргизүү максатында окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүнүн алкагында медициналык колледждердин клиникалык дисциплиналар циклындагы окутуучулар үчүн онлайн курс уюштурулду. Онлайн курс 2023-жылдын 28-февралынан 2-мартына чейин Бишкек медициналык колледжинин окуу-методикалык борбору тарабынан өткөрүлдү.
Курстун темалары:
1. «Баланын эрте өнүгүүсүнө мониторинг жүргүзүү»
2. "Үйгө зыярат"
3. «Балдарды эмдөө».
Лектор: Балдарды эрте өнүктүрүү боюнча улуттук тренер, БМК «Педиатрия» циклинин окутуучусу Давлеталиева Ф.У.

Фото галерея