2026-жылдын 9-октябрында Бишкекте, Кыргыз Республикасынын Президентинин № 1 Мамлекеттик резиденциясынын Конгресс-холунда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу Клиникалык оорукананын 80 жылдыгына арналган «Адамдын ден соолугу үчүн салттарды жана инновацияларды бириктирүү» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
«Медициналык жардамдын сапатын жана коопсуздугун камсыздоодо медайымдардын ролу: эл аралык тажрыйба жана заманбап практикалар» деген III трек-сессиянын алкагында Кыргызстандын медициналык колледждер ассоциациясынын төрагасы О.Т. Станбаев «Медайымдардын билим берүүсүнүн сапатын камсыздоо: Кыргыз Республикасынын медициналык колледждеринин билим берүү программаларын аккредитациялоого даярдыгы» деген темада баяндама жасады.