Конференциялар

Кыргыз Республикасынын делегациясынын тажрыйба алмашуу максатында Казахстан Республикасына иш сапары

2023-жылдын 29-30-ноябрь күндөрү Кыргызстандан Салматтык сактоо министрлигинен Э.Боронбаева, Н.Жусупбекова, Билим берүү министрлигинен А.Найманбаев, КМКАнын төрагасы Ө.Станбаев жана пилоттук колледждердин директорлорунан турган делегация MER долбоорунун колдоосу менен тажрыйба алмашуу максатында Казакстан Республикасына иш сапарга барды. 

 

А.Молдагазиев атындагы Бишкек медициналык колледжине 95 жыл

2023-жылдын 21-ноябрь күнү А Молдагазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин 95 жылдыгына арналган "Кыргыз Республикасындагы орто медициналык жана фармацевттик билимдүү кадрларды даярдоодогу реформалар" илимий-практикалык конференциясы, ал эми 22-ноябрь күнү  Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциацисынын Волейбол боюнча кубогу болуп өттү. 

 

"Илим менен билимди ааламдаштыруу жана интернационалдаштыруу" Эл аралык илимий-практикалык конференция

2023-жылдын 26-май күнү КМКАнын трагасы О.Т.Станбаев Жалал-Абад шаарындагы  К.Ш.Токтомаматов атындагы эл аралык университеттин 30 жылдык жана анын негиздөөчүсү э.и.д., профессор, РМА академиги Канторо Шарипович Токтомаматовдун 75 жылдык юбилейине арналган "IV Токтомаматовдун окуулары" илимий иш чарасынын алкагында "Илим менен билимди ааламдаштыруу жана интернационалдаштыруу" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.

 

Казахстан Республикасынын Атырау жогорку медициналык колледжинин 75 жылдыгына арналган Эл аралык илимий-практикалык конференция

2023-жыл 5-майда Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциациясынын төрагасы Станбаев Озгонбай Тиллабаевич Казахстан Республикасына иш сапары менен барып, Атырау жогорку медициналык колледжинин 75 жылдыгына арналган «Медайымдык иштин өнүгүүсү: мүмкүнчүлүктөрү, көйгөйлөрү, келечеги» деген темада эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты. Конференцияда О.Т.Станбаев "Кыргыз Республикасындагы орто медициналык билим берүүдөгү реформалар" темасында доклад жасады.

 

«МЕДАЙЫМДЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР: ИННОВАЦИЯЛАР, ПРАКТИКАГА ИШКЕ АШЫРУУ» эл аралык илимий-практикалык конференция

2023-жыл 25-апрелде Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциациясынын төрагасы Станбаев Озгонбай Тиллабаевич Казахстан Республикасында өткөрүлгөн «МЕДАЙЫМДЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР: ИННОВАЦИЯЛАР, ПРАКТИКАГА ИШКЕ АШЫРУУ»  аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты жана презентация жасады. 

"Орто медициналык билим берүүнүн актуалдуу көйгөйлөрү жана өнүгүү перспективалары" илимий-практикалык конференциясы

2022-жылдын 16-декабрында Бишкек шаарында медициналык колледждердин директорлорунун жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин, MER Долбоорунун, Корея Долбоорунун өкүлдөрүнүн катышуусунда «Орто медициналык билим берүүнүн актуалдуу көйгөйлөрү жана өнүгүү перспективалары» аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү. Кызматташууга кызыкдар иш берүүчүлөр жана чет элдик өнөктөштөр орто медициналык колледждердеги актуалдуу көйгөйлөрдү талкуулап, резолюция кабыл алышты. Конференцияда Кыргызстандагы медициналык колледждеринин ассоциациясынын төрагасы О.Т.Станбаев «Окуу жана өндүрүштүк практиканы уюштурууда клиникалык насаатчылык программасын ишке ашыруу» темасында  баяндамасын жасады.

 

 

Орто Азияда жүрөккө биринчи жолу операция жасалган күндүн 63 жылыдыгы

2022-жыл 19-майда  Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Орто Азияда жүрөккө биринчи жолу операция жасалган күндүн 63 жылыдыгна карата илимий-практикалык конференция болуп өттү. 

 

 

Бишкек медициналык колледжи. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттин өнүгүүсүнүн актуалдуу көйгөйлөрү жана келечеги студенттердин көзү менен»

Бүгүн, 23-мартта Бишкек медициналык колледжинде “Кыргыз Республикасынын актуалдуу көйгөйлөрү жана мамлекеттин өнүгүү келечеги студенттерднин көзү менен” деген темада студенттердин илимий-практикалык конференциясы болуп өттү. Илимий конференцияга КУУ, КГУСТА, МУК, И.Арабаев атындагы ж.б. университеттердин жана Каракол педагогикалык колледжинин, БМК, Нарын медициналык колледжинин, Бишкек инновациялык колледжинин студенттери активдүү катышты.  2022жылы  23-мартта Бишкек медициналык колледжинде “Кыргыз Республикасынын актуалдуу көйгөйлөрү жана мамлекеттин өнүгүү келечеги студенттерднин көзү менен” деген темада студенттердин илимий-практикалык конференциясы болуп өттү. Илимий конференцияга КУУ, КГУСТА, МУК, И.Арабаев атындагы ж.б. университеттердин жана Каракол педагогикалык колледжинин, БМК, Нарын медициналык колледжинин, Бишкек инновациялык колледжинин студенттери активдүү катышты. 

 

 

Майлуу-Суу медициналык колледжиндеги конференция

2021-жыл 25-27-октябрь күндөрү Майлуу-Суу медициналык колледжинин базасында “Медициналык айым ишинин өнугүшүнүн перспективалары: илим, билим, практика” республикалык илимий-практикалык конференциясы өткөрүлдү. Конференцияга Салматтык сактоо министрлигинин өкүлдөрү, Квалификацияны жогорулатуу жана медициналык адистерди кайра даярдоо институту, жогорку медициналык айым иши факультети, кесиптик ассоциациялар жана медициналык колледждердин директорлору катышты.2021-жыл 25-27-октябрь күндөрү Майлуу-Суу медициналык колледжинин базасында “Медициналык айым ишинин өнугүшүнүн перспективалары: илим, билим, практика” республикалык илимий-практикалык конференциясы өткөрүлдү. Конференцияга Салматтык сактоо министрлигинин өкүлдөрү, Квалификацияны жогорулатуу жана медициналык адистерди кайра даярдоо институту, жогорку медициналык айым иши факультети, кесиптик ассоциациялар жана медициналык колледждердин директорлору катышты.