Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциациясы

Медициналык колледждердин ассоциациясын түзүү - Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин директору Ө.Т.Станбаевдин демилгеси. Максаты: Кыргызстандагы медициналык билим берүү мекемелери менен биргеликте бирдиктүү билим берүү программасын иштеп чыгуу, Саламаттык сактоо жана Билим берүү жана илим министрликтери тарабынан жүргүзүлүп жаткан Кыргызстандагы медициналык билим берүүнү реформалоо долбооруна активдүү катышуу жана салым кошуу.

        Билим берүү жана илим министрлигинде 2017-жылдын 10-июнда тегерек стол өткөрүлгөн. Тегерек столдун жүрүшүндө  Ө.Т.Станбаевдин ассоциация түзүү жөнүндө сунушу каралып, отурумдун катышуучуларынын колдоосу менен Кыргызстандагы медициналык колледждеринин ассоциациясы түзүлгөн. Ушул эле отурумда Ассоциациянын уставы талкууланган. Ассоциация юридикалык жактардын бирикмеси "Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциациясы"  деп аталып, ассоциациянын башкаруу мүчөлөрү жана төрагасы шайланган. ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин директору Станбаев Өзгөнбай Тиллабаевич ассосациянын төрагалыгына сунушталып, сунуш бир добуштан жактырылган. Ассоциация жана анын уставы КР Юстиция министирлигинен каттоодон өткөрүүлгөн.
2017-жылдын 24-ноябрь күнү Билим берүү жана илим министрлигинин жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү, республиканын бардык аймактарында жайгашкан 27 медициналык колледждин директорлору, директордун орун басарлары жана методисттери катышышкан жалпы жыйында Ассоциациянын 2018-жылга карата иш планы жана Ассоциациянын взносу талкууланып, сунуштар талкууланып, кабыл алынган. Ассоциациянын 2018-жылга карата иш планы Билим берүү жана илим жана Саламаттык сактоо министрликтери менен макулдашылып, бекитилген. 

Ассоциациянын КР Юстиция министирлигинин каттоо жөнүндөгү күбөлүгү.