АРАВАН “ДУЛДУЛ ТОО” КОЛЛЕДЖИ БИШКЕК МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ ЖАЛАЛ-АБАД МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ ЫССЫК-КӨЛ МЕДИЦИНАЛЫК-СТОМАТОЛОГИЯЛЫК КОЛЛЕДЖИ КАРА-БАЛТА МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ АКАДЕМИК И.АХУНБАЕВ АТЫНДАГЫ КАРАКОЛ МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ КОЧКОР-АТА АЙМАКТЫК КОЛЛЕДЖИ КЫЗЫЛ-КЫЯ МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ “УНИКУМ” КЫРГЫЗ МЕДИЦИНАЛЫК-СОЦИАЛДЫК КОЛЛЕДЖИ МАЙЛУУ-СУУ МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ МЕДИЦИНАЛЫК-ФАРМАЦЕВТИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИ Б.СЫДЫКОВ АТЫНДАГЫ КӨЭА УНИВЕРСИТЕТИНИН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ Н.И.ПИРОГОВ АТЫНДАГЫ МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖ ИСИТО МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ С.ТЕНТИШЕВ АТЫНДАГЫ АзМИНИН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ ЖАМУНУН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ ОшМУНУН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ И.К.АХУНБАЕВ АТЫНДАГЫ КММАНЫН МЕДИЦИНАЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ МУНиБ МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ К.Ш.ТОКТОМАМАТОВ АТЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ НАРЫН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ “АВИЦЕННА БИЛИМ” МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ ОШ МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ (ССМ) ОШ АЙМАКТЫК КОЛЛЕДЖИ ТАЛАС МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ ТОКМОК МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ ОШМУНУН ӨЗГӨН ЭЛ АРАЛЫК МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ

Жалал-Абад медициналык колледжи

Жалал –Абад   медайымдык  (медициналык) мектеби( 1939-1954).

       Жалал- Абад медициналык  колледжи Кыргызстандын түштүгүндөгү эң алгачкы окуу жайлардан болуп эсептелет .

           Жалал – Абад  медициналык колледжи Кыргыз ССРинин Наркомздравынын 1939-жылдын 14 – мартындагы коллегиясынын, Кыргыз ССР БКнын  1939- жылдын 26-мартындагы токтому  менен Жалал – Абад аймагында  медсестра  мектебин ачууну уюштуруп,               1 – сентябрдан 35 окуучуну кабыл алып,  Жалал – Абадда  медсестра  мектеби ачылган.

          1939 – жылдын  1 -  сентябрынан окуу жылы башталып, болгону 9 гана окутуучу иштеген. Алардын ичинен 7 жогорку билимдүү, бирөө толук эмес жогорку билими жана 1 орто билими менен иштеген. Медсестра мектебинин  окуу – материалдык базасы жол башкармалыгында жайгашкан. Ал 6 кабинеттен туруп, жалпы аянты  88 м2 болгон. Мектепте бир нече стол, отургучтар, чоң эмес китепканадан башка кату жана жумшак эмеректери болгон эмес. Китепканада болгону 422 гана китеп болгон,анын ичинен 149 гана медициналык  китеп болгон.

           Улуу Ата Мекендик согуш жылдыранда медсестра  мектебинин алгачкы бүтүрүүчүлөрү майдан талааларында жана мекендештерибиздин саламаттыгын сактоодо эбегейсиз эмгектерди жасашып, улуу жеңиштин келишине өз салымдарын кошушкан.

           Жалал –Абад медициналык училища (1954 - 2009).

           Кыргыз ССРнин Саламаттыкты сактоо министирлигинин     1954 – жылдын 8-июлдагы  №102 -  буйругунун  негизинде медсестра  мектеби,  медициналык училища болуп өзгөргөн.

           Жалал – Абад медициналык колледжи    (2008 - 2019)    

          Кыргыз ССРнин Саламаттыкты сактоо министирлигинин     2008 – жылдын  10-декабрындагы  №   639 буйругунун негизинде   Жалал – Абад медициналык училищасы  Жалал – Абад медициналык колледжи деп аталып калган.

                Жалал – Абад медициналык колледжинде  бүгүнкү күндө 115 окутуучу эмгектенет, алардын ичинен:
         1. Саламаттык сактоонун отличниктери  -   22
         2. Билим берүүнүн отличниктери  -9

       Предметтик циклдик комиссия:

         №1 «Жалпы билим берүүчү» .

         №2 «Жалпы медициналык жана фармация , гигиена жана МКЛИ» .

         №3 «Педиатрия жана акушердик иш» . 

         №4 «Терапия жана сестралык иштин негиздери».

         №5 «Хирургия жана стоматология» . 

Директор: Парханова Упел  Токтосуновна

Колледжде төмөндөгү адистиктер окутулат:

  1. 060101 Дарылоо иши
  2. 060102 Акушердик иш
  3. 060104 Медициналык профилактикалык иши
  4. 060106 Ортопедиялык стоматология
  5. 060107 Профилактикалык стоматология
  6. 060108 Фармация
  7. 060109 Медициналык айым иши
  8. 060110 Лабораторная диагностика

 

Фото галерея