ОшМУнун Өзгөн медициналык колледжи медициналык окуу жайы болуп КР Билим берүү министрлиги тарабынан 2000–жылдын 25-июлундагы №09-42256 чечиминин жана ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин 2000–жылдын 15–январындагы №4 токтомунун негизинде ачылган.
2003-жылы 29-декабрда ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин чечими менен ОшМУнун алдындагы медициналык окуу жайы деп өзгөртүлүп, өзүнчө статуска ээ болгон.
Медициналык колледжди КРнын билим берүүнүн отличниги, саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери, доцент Станбаев Өзгөнбай Тиллебаевич жетектейт.
КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин 2008-жылдагы №487-1 буйругунун негизинде Ош мамлекеттик университетинин 2008-жылдын 31-октябрындагы №913 буйругу менен ОшМУнун Өзгөн медициналык колледжи болуп өзгөргөн.
ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин 2018-жылдын 25-майындагы №7 протоколу жана ректордун 2018-жылдын 26-майындагы №438 буйругу менен ОшМУнун Өзгөн медициналык колледжинин аталышы ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжи деп өзгөртүлгөн.
2019-жылдын март айында “Акушердик иш”, “Дарылоо иши”, “Медициналык айым иши” жана “Фармация” адистиктери 4 программа боюнча Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги (ААОПО) тарабынан көз карандысыз программалык аккредитациядан өтүп, агенттиктин 2019-жылдын 5-апрелиндеги №3/19/02 буйругунун негизинде № VK190000405 05.04.2024-жылга чейин сертификат берилген.
№ |
Адистиктин аталышы |
Окуу формасы |
Окуу мөөнөтү |
1 |
Акушердик иши |
Күндүзгү |
2 жыл 10 ай |
2 |
Медициналык айым иши |
Күндүзгү |
2 жыл 10 ай |
3 |
Дарылоо иши |
Күндүзгү |
3 жыл 6 ай |
4 |
Фармация |
Күндүзгү |
2 жыл 10 ай |
Предметтик циклдык комиссиялардын аталышы |
ПЦК төрайымдары |
Байланыш телефону |
Электрондук дареги |
“Жалпы гуманитардык жана социалдык экономикалык дисциплиналар” |
Жумалиева Роза Ормоновна |
0551301777 |
Rayhappy@mail.ru |
“Жалпы кесиптик дисциплиналар” |
Раева Кыздаркан Төлөнөвна |
0770149738 |
kraeva@oshsu.kg |
“Клиникалык дисциплиналар” |
Кошатова Гулзат Турдалиевна |
0773611683 |
|