Программа «Медайым»

2023-жылдын 9-10-февраль күндөрү  Кыргызстандагы медициналык колледждеринин Ассоциациясынын өкүлдөрү, медициналык колледждердин жетекчилиги, окутуучулук курамы, студенттери менен Германиядан келген делегациянын курамында иш берүүчү Мустафа Озал мырза, Бурул айым, германиялык кыргыз диаспорасынын мүчөлөрү Гульжан Фриндт-Сайдилкан айым, Нурлан Мукаш мырза, ЖЧК "International Career Consulting" уюмунун директору Айнура Исакова айым жолугушууларды өткөрүштү. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтык маселелери, Кыргызстандагы медколледждердин «Медициналык айым иш» адистиктеринин бүтүрүүчүлөрүн Германияда иш менен камсыздөө маселелери талкууланып, каралды. Натыйжада «Медайым» программасынын долбоору талкууланып, аны ишке ашыруу үчүн атайын тапшырмаларды аткаруу белгиленди, эки тараптуу колдоого алынды. 
Иш берүүчүнүн талабына ылайык немец тилин билген, айдоочу медайымдарды чогуу даярдоо, ал даярдык үчүн иш берүүчүнүн инвестициясын натыйжалуу колдонуу максаты коюлду. Максатка жараша КМКА  жетекчилиги астында:
-    кесиптик немец тили курстарын түзүү жана окутуу, 
-    эки өлкөнүн медайымдык билим берүү программаларын анализдеп, 
-    зарыл окуу китептери менен камсыздоо, 
-    окутуучуларды билим берүү багытында тажрыйба алмашуу иштерин уюштуруу, 
-    эл аралык укукка ээ болгон айдоочулук курстарын түзүү иштери боюнча макулдашылды. 
«Медайым»  программасы өлкөдөгү  эң маанилүү милдеттердин бири болгон –  Кыргызстан жарандарынын чет өлкөлөрдө квалификациялуу адис катары ишке орношуу мүмкүнчүлүгү жеткиликтүү болушуна шарт түзөт. 
Бул кызматташуу 2022-жылы кол коюлган Кыргыз Республикасынынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Германия Федеративдүү Республикасынын Ишке орноштуруу федералдык агенттигинин ортосунда ɵз ара түшүнүшүү жɵнүндɵгү меморандумдун алкагында, КР Тышкы иштер министрлигинин, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин, миграция министрлигинин макулдугун жана колдоосун  эске алуу менен жүргүзүлүп, о.э. “Кыргыз Республикасында билим берүүнү 2021–2030- жылдарга карата өнүктүрүүнүн концепциясын” жана КР Өкмөтүнүн «2021-2040-жылдары Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү программасын» ишке ашырууну камсыздап, келечектүү деп белгиленет. 

«Медайым»  программасы

Фото галерея