Тегерек стол, Жыйындар

2023-жыл 16-ноябрда "Медициналык айым иши" адистиги боюнча эксперименталдык программанын биринчи жылынын аткарылышынын жыйынтыгы боюнча тегерек столдо эксперименталдык программаны пилоттук түрдө өткөрүүнүн биринчи жылынын жыйынтыктары каралды жана резолюция кабыл алынды

 

 

2023 жылдын 5-6-июнь күндөрү Бишкек шаарында  Бишкек медициналык колледжинин базасында Саламаттык сактоо министрлигинин 29.05.2023 №639 буйругу менен түзүлгөн жумушчу топтун Мамлекеттик стандарттарга өзгөртүү киргизүү менен кредиттик технологиянын жобосунун негизинде 2023-2024-жаңы окуу жылына адистиктердин окуу пландарын түзүү боюнча жыйны болду. 

 

 2023-жыл 27-мартта Бишкек шаарында "Медайымдарды окутууда практиканын ролу" аталышында тегерек стол өткөрүлдү.  Тегерек столдун катышуучулары “Медайымдар иши” адистиги боюнча эксперименталдык программаны талкуулап, Кыргызстанда медайымдык билим берүүнү өнүктүрүүнүн келечегин белгилешти.  

 

2023-жыл 10-февраль күнү Саламаттык сактоону өнүктүрүү жана медициналык технология борборунун базасында  “Медициналык билим берүү уюмдарынын клиникалык базалар менен өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө” багыттоочу кеңешме өткөрүлөт. Кеңешме гибриттик форматта өткөрүлөт. 

 

2022-жыл 7-декабрда Кыргыз Республикасынын медайымдык ишти жана билим берүүнү өнүктүрүү программасынын 2019-2023-жылдарга карата иш-чаралар планын ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасындагы медайымдык билим системасын жакшыртуу максатында чыгарылган Саламаттык сактоо министиринин 2021-жыл 29-ноябрдагы №1600 буйругунун негизинде “Кыргыз Республикасында медайымдардын билим берүү саясатын жакшыртуу” темасында тегерек стол уюштурулду. Тегерек столго Билим берүү жана илим министрлигинин жана Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү, медициналык колледждердин директорлору, кесиптик ассоциациялар, MER проекти, Корея проекти КЁНГ ХИ жана И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жана Ош мамлекеттик университетинин жогорку медайымдык билим берүү (ВСО) адистеринен катышышты. Жыйынтыгында резолюция кабыл алынды.

 

2022-жыл 17-февралда MER долбоору жана Кыргызстандын медициналык колледждеринин ассоциациясы тарабынан онлайн тегерек стол болуп өттү жана анда адистиктер боюнча типтүү программалар боюнча эксперттердин сунуштары белгиленди. 

 

2022-жыл 4-февралда MER долбоору жана Кыргызстандын медициналык колледждеринин ассоциациясы тарабынан уюштурулган тегерек столдо профессор Бригитанын эксперименталдык медайымдык билим берүү программалары боюнча сунуштары угулуп, талкууланды.

 

2022-жыл 27-январда Кыргызстандын медициналык колледждеринин ассоциациясынын жана пилоттук колледждердин директорлору жана жумушчу топторунун катышуусунда тегерек стол өтүүдө.