#

"Медициналык айым иши" адистиги боюнча эксперименталдык программанын биринчи жылынын аткарылышынын жыйынтыгы боюнча тегерек стол

ноябрь 16, 2023 158

Бүгүн, 16-ноябрда Бишкек шаарында КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин 13.11.2023 №1337 буйругуна ылайык  "Медициналык айым иши" адистиги боюнча эксперименталдык программанын биринчи жылынын аткарылышынын жыйынтыгы боюнча тегерек стол болду. Тегерек столго пилоттук программаны ишке ашырып жаткан колледждер, долбоордун координаторлору, Швецария элчилиги, кесиптик Ассоциациялар, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Билим берүү жана илим министрликтеринин өкүлдөрү катышышты. Тегерек столдун жүрүшүндө «Медициналык айым иши» адистиги боюнча эксперименталдык программаны пилоттук түрдө өткөрүүнүн биринчи жылынын жыйынтыктары каралды жана резолюция кабыл алынды.

Фото галерея