#

КРда «Медайымдык иш» жана «Акушердик иш» багыттары боюнча бакалавриат билим берүү программаларын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар

сентябрь 11, 2026 116

10.09.2026, Кыргыз Республикасында «Медайымдык иш» жана «Акушердик иш» багыттары боюнча бакалавриат деңгээлинде билим берүү программаларын мындан ары өнүктүрүү жана өркүндөтүү максатында биргелешкен иш-чараларды өткөрүү боюнча макулдашуу жетишилди.

Аталган багыттагы иштер «Жаркын Кыргызстан» долбоорунун координатору Шин Сехун, Ош мамлекеттик университетинин ректору, Кыргызстандын медициналык колледждер ассоциациясынын президенти, Ош мамлекеттик университетинин медициналык факультетинин жана медициналык колледждеринин директорлору, ошондой эле Жогорку медайымдык билим берүү (ВСО) тармагындагы адистердин катышуусунда жүргүзүлөт.

Биргелешкен иштин алкагында бакалавриат билим берүү программаларынын мазмунун өркүндөтүү, окуу пландарын жана билим берүү программаларын заманбап талаптарга ылайыкташтыруу, медициналык колледждер менен жогорку окуу жайлардын ортосундагы билим берүүнүн улантуучулугун камсыз кылуу, клиникалык практиканын сапатын жана көлөмүн жогорулатуу, кадрдык потенциалды өнүктүрүү, ошондой эле эл аралык тажрыйбаны билим берүү процессине киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу каралууда.

Мындан тышкары, Ош мамлекеттик университетинин, КМКАнын, медициналык колледждердин жана ЖМБ (ВСО) тармагындагы адистердин катышуусунда жумушчу жолугушууларды, консультацияларды, семинарларды жана практикалык иш-чараларды системалуу негизде өткөрүү пландаштырылууда.

Бул иш-чаралардын негизги максаты — Кыргыз Республикасында медайымдык жана акушердик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, бакалавриат деңгээлинде заманбап талаптарга жооп берген, кесиптик компетенциялары жогору адистерди даярдоо системасын өркүндөтүү жана эл аралык талаптарга шайкеш келген билим берүү моделин калыптандыруу.

Иш-чаралардын натыйжасында медайымдык жана акушердик билим берүүнүн мазмунун жаңылоо, билим берүү менен клиникалык практиканын өз ара байланышын күчөтүү жана медициналык кадрларды даярдоонун сапатын жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган сунуштарды иштеп чыгуу күтүлүүдө.

Фото галерея