#

КМКАнын кезектеги жыйынында медициналык билим берүүнү өнүктүрүү жана Ассоциациянын уюштуруучулук түзүмүн өркүндөтүү маселелери талкууланды

сентябрь 11, 2026 6

2026-жылдын 11-сентябрында онлайн форматта Кыргызстандын медициналык колледждер ассоциациясынын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жыйында медициналык билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер каралып, анын ичинде мамлекеттик билим берүү стандарттарын жана окуу пландарын кайра карап чыгуу, аларды мамлекеттик тилге которуу жана заманбап талаптарга ылайык өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун ишинин жыйынтыктары талкууланды.

Ошондой эле КМКАнын уюштуруучулук түзүмүн өркүндөтүү, Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, уюштуруу маселелери боюнча вице-президенттин жана региондук координаторлордун институтун киргизүү сунуштары колдоого алынды.

Жыйында КМКАнын Окуу-методикалык бирикмесин (УМО) түзүү чечими кабыл алынып, анын курамы 13 адамдан түзүлөрү белгиленди. УМО медициналык колледждердин билим берүү программаларын методикалык жактан өркүндөтүүгө жана кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган иштерди жүргүзөт.

Мындан тышкары, КМКАнын штаттык түзүмү бекитилип, Ревизиялык комиссияны түзүү боюнча чечимдер кабыл алынды.

Жыйындын жыйынтыгында КМКАнын уюштуруучулук өнүгүүсүнүн негизги багыттары колдоого алынып, медициналык колледждердин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана медициналык кадрларды даярдоо системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.

Фото галерея