АРАВАН “ДУЛДУЛ ТОО” КОЛЛЕДЖИ БИШКЕК МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ ЖАЛАЛ-АБАД МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ ЫССЫК-КӨЛ МЕДИЦИНАЛЫК-СТОМАТОЛОГИЯЛЫК КОЛЛЕДЖИ КАРА-БАЛТА МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ АКАДЕМИК И.АХУНБАЕВ АТЫНДАГЫ КАРАКОЛ МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ КОЧКОР-АТА АЙМАКТЫК КОЛЛЕДЖИ КЫЗЫЛ-КЫЯ МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ “УНИКУМ” КЫРГЫЗ МЕДИЦИНАЛЫК-СОЦИАЛДЫК КОЛЛЕДЖИ МАЙЛУУ-СУУ МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ МЕДИЦИНАЛЫК-ФАРМАЦЕВТИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИ Б.СЫДЫКОВ АТЫНДАГЫ КӨЭА УНИВЕРСИТЕТИНИН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ Н.И.ПИРОГОВ АТЫНДАГЫ МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖ ИСИТО МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ С.ТЕНТИШЕВ АТЫНДАГЫ АзМИНИН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ ЖАМУНУН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ ОшМУНУН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ И.К.АХУНБАЕВ АТЫНДАГЫ КММАНЫН МЕДИЦИНАЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ МУНиБ МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ К.Ш.ТОКТОМАМАТОВ АТЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ НАРЫН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ “АВИЦЕННА БИЛИМ” МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ ОШ МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ (ССМ) ОШ АЙМАКТЫК КОЛЛЕДЖИ ТАЛАС МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ ТОКМОК МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ ОШМУНУН ӨЗГӨН ЭЛ АРАЛЫК МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ

Ош медициналык колледжи

                             Ош медициналык колледжинин тарыхы

Ош медициналык колледжи Кыргыз ССРинин  Министрлер Кеңешинин 1988-жылдын 16-ноябрындагы 429 Токтомунун, Ош областтык Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын сунушунун негизинде Жалал-Абад медициналык училищасынын Ош областындагы филиалы катары уюштурулган. Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн Мамлекеттик инспекция комиссиянын 1992-жылдын 30-апрелиндеги чечиминин, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин 1992-жылдын 15-майындагы 145 буйругунун негизинде «Ош медициналык училищасы» болуп өзгөргөн.

      Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2008-жылдын 12-октярындагы 639 буйругу менен «Ош медициналык колледжи» болуп аталып, иш алып барууда. Колледждин жалпы окутуучулар курамын 76 дасыккан, көп жылдык тажрыйбасы бар, кесипкөй врач-педагогтор түзөт.

      Окуу жайдын эки окуу имараты бар. 33 теориялык, 26 практикалык, 11 клиникалык жана 4 лабораториялык кааналарда окуу процесстери жүргүзүлөт.1 актылык зал, 1 китепкана, Мамлекеттик тил борбору жана улуттук тарых музейи студенттерге кызмат кърсътът. Окуу жайдын китепканасынын базасында 15584 даана медициналык, гуманитардык жана къркъм адабий китептер фонду бар.

      Электрондук китепканадан да пайдалануу мүмкүнчүлүгү каралган. Китепканадагы жана ресурстук борбордогу компьютерлер жогорку ылдамдыктагы интернетке туташтырылган жана студенттердин колдонуусуна ыёгайлуу.

       Ош медициналык колледжи уюштурулгандан бери 9000 ден ашуун медициналык кесипкъй адистер даярдалып, учурда калктын саламаттыгын жакшыртууга өз салымдарын кошуп, кызмат кылышууда.

       Ош медициналык колледжинин директору - Халмурзаев Марат.

Колледжде төмөндөгү адистиктер окутулат:

  1. 060101 Дарылоо иши
  2. 060102 Акушердик иш
  3. 060108 Фармация
  4. 060109 Медициналык айым иши
  5. 060110 Лабораторная диагностика

 

Контакты

Адрес инд: 723506, Ош шаары, Салиева көч. 57
Телефон 03222-81247
Факс 03222-81247
E-mail omk_osh21@mail.ru
Cайт