2022-жылдын 17-февралында MER долбоору жана Кыргызстандын медициналык колледждеринин ассоциациясы тарабынан онлайн тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго MER долбоорунун координатору, эл аралык эксперт, профессор Бригита, медициналык айым иши адистигинин эксперименталдык билим берүү программаларына катышкан колледждердин директорлору жана жумушчу топтун мүчөлөрү катышты. Ар бир адистиктер боюнча типтүү программалар боюнча эксперттердин сунуштары белгиленди.