#

Медайымдарды окутууда практиканын ролу

апрель 28, 2023 129

2023-жылдын 27-март күнү Бишкек шаарында "Медайымдарды окутууда практиканын ролу" аталышында тегерек стол өткөрүлдү.  Тегерек столдун катышуучулары “Медайымдар иши” адистиги боюнча эксперименталдык программаны талкуулап, Кыргызстанда медайымдык билим берүүнү өнүктүрүүнүн келечегин белгилешти.  Тегерек столдун катышуучулары медайымдарды клиникалык насаатчы катары тартуу чараларын талкуулашты. Ошондой эле клиникалык насаатчыларды даярдоо жана насаатчылык үчүн кредиттик сааттарды алуу механизмдери, медайымдар үчүн үстөк акылар жана жүктөмдүн ченемдери каралды.

Тегерек столдун жүрүшүндө маанилүү маселе – прикладдык жана академиялык бакалаврдын, ошондой эле потенциалдуу провайдер катары жогорку колледждин концепциясын демилгелөө жана жайылтуу талкууланды.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, пилоттук медициналык колледждердин, саламаттыкты сактоо уюмдарынын жана кесиптик билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана кызматкерлери катышты.

Фото галерея