
«Саламаттыкты сактоо тармагындагы коррупцияга каршы саясат. Эмгек мамилелериндеги коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жамааттык келишимдер” аталышындагы жумушчу жыйынга ассоциациянын төрагасы О.Т.Станбаев катышты. Жумушчу жыйынга Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын аймактык координаторлору, облустук, шаардык жана райондук саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери жана ММК фондунун, ДСМБнын, ДПГСЭСтин, медициналык окуу жайлардын жетекчилери катышышты.