#

Негизги орто билимди бүтүргөндөн кийин окууга кабыл алуу боюнча тегерек стол болду

июль 4, 2025 56

2025-жыл 3-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде Кара-Балта шаарынын медициналык колледжи, И.К. Ахунбаев атындагы медициналык колледжи, Токмок медициналык колледжи, ОшМУга караштуу Өзгөн эл аралык медициналык колледжи, Кыргызстандын медициналык колледждер ассоциациясынын (КМКА) төрагасы, жогоруда аталган колледждердин бүтүрүүчүлөрү, Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү жана башка кызыкдар тараптардын катышуусунда тегерек стол болуп өттү.
Жыйында жалпы билим берүүнүн 12 жылдык системасына өтүүгө байланыштуу негизги орто билимди бүтүргөндөн кийин окууга кабыл алууну калыбына келтирүү жана окутуунун мөөнөттөрү боюнча маселелер каралды. Ошондой эле, жаңы окуу программасын ишке киргизүү, окутуунун өзгөртүлгөн мөөнөттөрүнө ылайыкташтыруу жана орто медициналык билим берүүнү реформалоонун башка актуалдуу маселелери талкууланды.
Жыйынтыгында талкууланган сунуштар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жөнөтүлдү.

 

Фото галерея