#

Казахстанда "Эмили" жогорку медициналык колледжинде эл аралык илимий-практикалык конференция өттү

декабрь 20, 2024 78

2024-жыл 20-декабрь күнү Казахстан Республикасынын Алматы шаарында "Эмили" жогорку медициналык колледжинин негизделгендигинин 30 жылдыгына карата "Казакстандагы медайымдар реформасына 10 жыл. Жетишкендиктер жана мүмкүнчүлүктөр."  аталышындагы илимий-практикалык конференция өттү. 

Аталган конференцияда ассоциациянын төрагасы Ө.Т.Станбаев "Кыргыз Республикасындагы медайымдык билим берүүнү өнүктүрүүнүн учурдагы абалы жана келечеги" темасында, ал эми Бишкек медициналык колледжинин директорунун окуу иштери боюнча орун басары  А.О.Байдалиева "А.Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинде медайымдык билим берүүнүн калыптануу жана өнүгүү тарыхы" темасында доклад жасашты. 

"Эмили" жогорку медициналык колледжи менен Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциациясы өз ара кызматташу боюнча меморандум түзүштү. 

Илимий-практикалык конференцияны жогорку деңгээлде уюштуруп, өткөргөндүгү жана эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын өнүгүшүнөн кошкон салымы үчүн "Эмили" жогорку медициналык колледжинин директору Катпенова Сауле Атантаевнага Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциациясынын Ыраазычылык каты тапшырылды. 

Фото галерея