#

Казахстан Республикасынын Атырау жогорку медициналык колледжинин 75 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция

май 9, 2023 245

2023-жыл 5-майда Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциациясынын төрагасы Станбаев Озгонбай Тиллабаевич Казахстан Республикасына иш сапары менен барып, Атырау жогорку медициналык колледжинин 75 жылдыгына арналган «Медайымдык иштин өнүгүүсү: мүмкүнчүлүктөрү, көйгөйлөрү, келечеги» деген темада эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.

Атырау жогорку медициналык колледжи – Казакстан Республикасынын орто медицина жана фармацевтика кызматкерлерин даярдоо боюнча алдыңкы окуу жайларынын бири.

Конференцияга Казахстан Республикасынын Саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрү, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн: Россиядан, Өзбекстандан, Тажикстандан, Кыргызстандан адистер катышты. Конференцияда О.Т.Станбаев "Кыргыз Республикасындагы орто медициналык билим берүүдөгү реформалар" темасында доклад жасады.  Россия, Казахстан, Өзбекстан өлкөлөрүндө болуп жаткан реформалар боюнча  өкүлдөр тарабынан докладдар жасалды. Медайым ишинин келечектеги өнүгүү процесси боюнча маселелер белгиленип, жогорку медициналык  окуу жайларынын иш аракеттери жана прикладдык бакалавриат программасы боюнча кеңири талкуу жүрдү. Тажрыйба алмашуу боюнча  биргеликте иш алып бааруу жагы белгиленди.

Казакстандын «Медициналык колледждер союзу» ассоциациясынын төрайымы Б.Н.Рузденова менен Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциациясынын төрагасы О.Т.Станбаев кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Россиянын, Казахстандын, Өзбекстандын бир нече жогорку медициналык колледждердин директорлору менен меморандумдар түзүлүп, Кызгызстандагы медициналык колледждер менен өз ара кызматташуу боюнча мерчемдер белгиленди.

Фото галерея