#

Медайымдык илимди өнүктүрүү боюнча эл аралык конференция болду

июль 11, 2024 73

2024-жылдын 9-10-июль күндөрү ДСУнун кызматташуу борборлорунун эксперттеринин катышуусунда медайымдык илимди өнүктүрүү боюнча “Кыргыз Республикасындагы медайымдык иштеги илимдин келечеги” аттуу эл аралык конференция өттү. Конференция оффлайн жана онлайн режиминде өтүп, медайымдар ишин өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери жана келечеги талкууланды. Аталган конференцияга Саламатык сактоонун жана Билим берүү жана илим министрликтердин, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын өкүлдөрү, Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциациясы, Медайым кызматкерлердин кесиптик ассоциациясы, пилоттук медициналык колледждердин окутуучулары катышышты. 

 

Фото галерея