#

Кыргыз Республикасынын делегациясынын тажрыйба алмашуу максатында Казахстан Республикасына иш сапары

декабрь 2, 2023 163

29-30-ноябрь күндөрү Кыргызстандан Салматтык сактоо министрлигинен Э.Боронбаева, Н.Жусупбекова, Билим берүү министрлигинен А.Найманбаев, КМКАнын төрагасы Ө.Станбаев жана пилоттук колледждердин директорлорунан турган делегация MER долбоорунун колдоосу менен тажрыйба алмашуу максатында Казакстан Республикасына иш сапарга барды.  29-ноябрда Алматы шаарында Республикалык жогорку медициналык колледжинде өткөрүлгөн "«Медайымдар иши» адистиги боюнча «Медайымдар ишинин прикладдык бакалавры» квалификациясы менен адистерди даярдоо" темасында Эл аралык илимий-практикалык конференция, ал эми 30-ноябрь күнү  Талдыкурган жогорку медициналык колледжинде өткөрүлгөн «Медициналык айым иши адистиги боюнча прикладдык бакалаврдын мүмкүнчүлүктөрү жана көйгөйлөрү» боюнча эл аралык тажрыйба алмашуу илимий практикалык конференцияларга аталган делегация катышып, прикладдык бакалавриат боюнча кеңири маалымат алышты жана тажрыба алмашуу болду.

Прикладдык бакалавриат менен окуту Казахстан Республикасында 2016-жылдан баштап окутула баштаган жана бүтүрүүчүлөрү өз орундарын таап, үзүрлүү эмгектенүүдө.Конференциянын жыйынтыганда "Казахстандын медициналык колледждердин Союзу" ЮЖБ менен Кыргызстандагы медициналык колледждер ассоциациясы жана колледждер менен өз ара кызматташууга кол коюшту. Конференциялар жана тажрыйба алмашуу жогорку деңгээлде өткөндүгүн белгилеп, Казахстан Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине,  "Казахстандын медициналык колледждердин Союзу" ЮЖБнин төрайымы жана Республикалык жогорку медициналык колледждердин башкы директору Н.Б.Рузденовага, Талдыкоргон жогорку медициналык колледжинин директору С.М.Джансенгировго  терең  ыразычылык билдиребиз. 

Видео

Фото галерея