#

Казахстан Республикасынын Кызылордо жогорку медициналык колледжинде илимий-практикалык конференция өттү

октябрь 11, 2024 87

2024-жыл 9-октябрь күнү Казахстан Республикасынын Кызылордо жогорку медициналык колледжи "Саламаттыкты сактоо жаатында орто билимден кийинки техникалык жана кесиптик билим берүү адистерин даярдоонун жана кесиптик ишке ашыруунун заманбап чакырыктары" аталышындагы илимий-практикалык конференция өттү. Кызылордо жогорку медициналык колледжи Казахстандагы прикладдык бакалавриат боюнча окуу процесси, бүтүрүүчүлөрдүн орду, реформалардын жүрүшү боюнча жыйынтыктоочу отчет берилди жана окуу процессинде колдонулган симуляциялык кабинеттер менен тааныштырылды. Иш-чарага Латвия, Түркия, Кыргызстан жана Өзбекстандын медициналык колледждердин өкүлдөрү катышып, техникалык жана орто билимден кийинки билим берүү уюмдарында медициналык жана фармацевтикалык персоналды даярдоодогу тенденциялар, инновациялар, тоскоолдуктар жана заманбап тенденциялар жөнүндө талкуулашты жана тажрыйба алмашышты. 

Аталган конференцияда ассоциациянын төрагасы Ө.Т.Станбаев "Кыргыз Республикасындагы жогорку медайымдык билим берүүдөгү реформа" темасында доклад жасады. 

Кызылордо жогорку медициналык колледжи менен Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциациясы өз ара кызматташу боюнча меморандум түзүштү. Латвия, Түркия, Өзбекстан өлкөлөрү менен да кызматташууга макулдашылды. 

Илимий-практикалык конференцияны жогорку деңгээлде уюштуруп, өткөргөндүгү жана эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын өнүгүшүнөн кошкон салымы үчүн Кызылордо жогорку медициналык колледжинин директору Калмакова Жанар Амангельдиевнага Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциациясынын Ыраазычылык каты тапшырылды. 

 

Видео

https://www.facebook.com/share/p/TWVbX2eUbG9GzdJS/

Фото галерея