#

А Молдагазиев атындагы Бишкек медициналык колледжине 95 жыл

ноябрь 22, 2023 194

2023-жылдын 21-ноябрь күнү А Молдагазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин 95 жылдыгына арналган "Кыргыз Республикасындагы орто медициналык жана фармацевттик билимдүү кадрларды даярдоодогу реформалар" илимий-практикалык конференциясы, ал эми 22-ноябрь күнү  Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциацисынын Волейбол боюнча кубогу болуп өттү. Аталган иш чарага Өзбекистан, Казахстан, Россия, Тажикстан мамлекеттеринин медициналык колледждеринин өкүлдөрү, БМКнын сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү, Япония, Корея, Германия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү, МER долбоору, АССД, Жогорку соттун төроагасы, Министрлер кабинетинин төроагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Саламаттык сактоо министри А.Бейшаналиев катышышты жана иш чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү. 

Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциацисынын Волейбол боюнча кубогуна 12 медициналык колледждин командасы катышышты. Кубоктун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өткөрүлүп, байгелүү орунга ээ болгон жана активдүү катышкан командаларга, оюнчуларга Ассоциациянын Акчалай сыйлыктары, Дипломдору жана Кубогу тапшырылды.

Мелдеш төмөндөгүдөй жыйынтыкталды:

  • ОшМУнун медициналык колледжинин командасы 1-орунду ээлеп, Ассоциациянын өтмө кубогу, диплому жана акчалай сыйлык менен сыйланышты;
  • А.Молдагазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин командасы 2-орунду ээлеп,  диплом жана акчалай сыйлыкка ээ болду;
  • Нарын медициналык колледжинин командасы 3-орунду ээлеп,  диплом жана акчалай сыйлыкка ээ болду; 
  • Ош медициналык колледжинин командасы 4-орунду ээлеп,  диплом жана акчалай сыйлыкка ээ болду.

 

Фото галерея