#

"Орто медициналык билим берүүнүн актуалдуу көйгөйлөрү жана өнүгүү перспективалары" илимий-практикалык конференциясы

декабрь 17, 2022 174

2022-жылдын 16-декабрында Бишкек шаарында медициналык колледждердин директорлорунун жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин, MER Долбоорунун, Корея Долбоорунун өкүлдөрүнүн катышуусунда «Орто медициналык билим берүүнүн актуалдуу көйгөйлөрү жана өнүгүү перспективалары» аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү. Кызматташууга кызыкдар иш берүүчүлөр жана чет элдик өнөктөштөр орто медициналык колледждердеги актуалдуу көйгөйлөрдү талкуулап, резолюция кабыл алышты. Конференцияда Кыргызстандагы медициналык колледждеринин ассоциациясынын төрагасы О.Т.Станбаев «Окуу жана өндүрүштүк практиканы уюштурууда клиникалык насаатчылык программасын ишке ашыруу» темасында  баяндамасын жасады.

Фото галерея