#

“SCAFFOLD - жашоо үчүн компетенциялар"

октябрь 5, 2024 115

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги уюштуруп жаткан “SCAFFOLD - жашоо үчүн компетенциялар" окуу иш-чарасы Ош шаарында 5-октябрь күнү ОшМУнун ИПКнин базасында өткөрүлдү. SCAFFOLD боюнча эл аралык эксперт Кайе Пийескоп жана улуттук тренерлер компетентүүлүккө багытталган иш аракеттерди иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн SCAFFOLD  карточклары менен тааныштырып, аны окуу процессинде колдонуу боюнча нускамаларды беришти. Scaffold топтомунун идеясы – педагогдорго окутуу максатында колдонууга арналган карточкалар топтомун берүү. Карточкаларда компетенциялар, окутууну иштеп чыгуу принциптери, баалоо ыкмалары жана билим берүү процессин уюштуруу боюнча сунуштар камтылган. Scaffold педагогдорго компетенцияларды интеграциялоо маселесине өзгөчө мамиле кылууга жардам берүүчү чакан жана ыңгайлуу курал болуп саналат. Бул курал педагогдордун чыгармачылыгын стимулдаштыруу жана окутуунун натыйжаларын пландаштырууда, уюштурууда жана баалоодо алардын эстүүлүк деңгээлин жогорулатуу үчүн иштелип чыккан. Scaffold топтому Европа кеңешинин сунуштамасы менен белгиленген көйгөйлөрдү чечип, окутууга ар түрдүү ыкмаларды, анын ичинде окуучуларга негизги компетенцияларды өнүктүрүү боюнча методикалык сунуштарды, күтүлгөн натыйжалар жана аларга жетишүүнүн индикаторлору менен баалоо системасын сунуштайт. 

Семинарда КМКАнын төрагасы Ө.Т.Станбаев улуттук тренер катыры SCAFFOLD  карточкларынын "Ишкердүүлүк" компетенциялары боюнча маалымат берип, окуу процессинде колдонуудагы мисалдары менен түшүндүрүп берди.  

Фото галерея