#

"Чек арасыз дарыгерлер-Швейцария” эл аралык гуманитардык уюмунун тренерлерди даярдоо тренинги болду

июнь 21, 2024 51

2024-жылдын 10-19-июнь күндөрү Бишкек шаарында И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жана «Чек арасыз дарыгерлер-Швейцария” эл аралык гуманитардык уюмунун колдоосу менен акушер-гинеколог тренерлерди окутуу тренинги болду. Тренинге медициналык колледждердин акушер-гинеколог окутуучулары катышышты. Акушерство жана гинекология боюнча кеңешчи (Берлин) Доктор Жан Калибуши Бизимана тарабынан кыска мөөнөттүү курс өтүлдү. Тренингдин катышуучулары "Эмчек жана жатын моюнчасынын рагын эрте алдын алуу аркылуу аялдардын ден соолугун сактоо" боюнча мурунку этапта алган теориялык билимдерин практика жүзүндө Сокулук районундагы  "Аялзат" айымдардын ден соолугуна арналган скринингдик борборунда көндүмдөрүн  бышыкташты. Курстун аягында окутуучуларыбыз ""Чек арасыз дарыгерлер-Швейцария” эл аралык гуманитардык уюмунун тренерлери" деген сертификатка ээ болушту.

 

Фото галерея