#

2026-2027-окуу жылына медициналык колледждерине кабыл алуу маселелери

апрель 16, 2026 9

Кыргыз Республикасынын Медициналык колледждер ассоциациясы Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Жогорку билим берүү, илим жана инновациялар министрлиги менен биргеликте Кыргыз Республикасынын медициналык колледждерине кабыл алуу маселелерине арналган семинар өткөрдү.

Семинардын алкагында "Санариптештирүү борбору" МИнин директору Бабаев Б.Н. Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыктарын колдонуу менен абитуриенттерди кабыл алууну уюштуруунун негизги ыкмалары боюнча презентация жасады. Семинардын катышуучуларына кабыл алуу тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар боюнча толук түшүндүрмөлөр берилди, ошондой эле медициналык колледждерде кабыл алуу кампаниясын уюштуруу боюнча кадамдык нускамалар сунушталды. Иш-чаранын жыйынтыгында кызыкдар тараптардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн мындан аркы багыттары белгиленип, конструктивдүү диалогду улантуу боюнча макулдашууга жетишилди.

Бишкек — 2026-жылдын 16-апрели

Фото галерея