#

Эксперименталдык программа боюнча пилоттук медициналык колледждин окутуучулары жана клиникалык насаатчылар үчүн тренинг

май 13, 2022 181

Бүгүн 13-майда Бишкек шаарында Эксперименталдык программа боюнча пилоттук медициналык колледждин окутуучулары жана клиникалык насаатчылар үчүн тренинг өттү. Тренингке КМКАнын төрагасы Ө.Т.Станбаев, Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин, Бишкек медициналык колледжинин, Нарын медициналык колледжинин жана Токмок медициналык колледжинин директорлору жана окутуучулары катышышты.  Лекторлор эл аралык эксперттер доктор Бригита Скела Савич, доктор Санела Пивач, Седина Календер-Смайлович жана жергиликтүү эксперт Баширова Масума Ильясовна болду. Тренингдин жүрүшүндө катышуучуларга Кыргызстандагы медайымдык билим берүүдөгү өзгөрүүлөр, профессордук-окутуучулук курамдын, саламаттыкты сактоо уюмдарынын жана практикалык медайымдардын ролу тууралуу айтып беришти. КМКАнын төрагасы Ө.Т.Станбаев  эксперименталдык программа боюнча тренерлерге ыраазычылык билдирди. Катышуучулар клиникалык окутууну жана баа берүүнү документтештирүү, ошондой эле клиникалык шарттарда студенттер менен иштеген насаатчылар үчүн дидактикалык ыкмалар боюнча суроолор менен тааныштырылды. Тренинг гибриттик форматта болду. 

#merproject #merproject_медсестры

Фото галерея