#

 "Медицина кызматкерлеринин инсандар аралык коммуникация көндүмдөрү" жана "Медицина кызматкерлери үчүн клиникалык насаатчылык" программалары боюнча окутуу семинарлары өткөрүлдү.

апрель 29, 2023 126

Медицина кызматкерлеринин потенциалын чыңдоо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2030-жылдарга калктын саламаттыгын сактоо жана саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү боюнча “Дени сак адам – өнүккөн өлкө” программасын ишке ашыруу максатында "Медицина кызматкерлеринин инсандар аралык коммуникация көндүмдөрү" жана "Медицина кызматкерлери үчүн клиникалык насаатчылык" программалары боюнча окутуу семинарлар өткөрүлдү. Семинарларга практикалык саламаттык сактоонун медицина кызматкерлери катышты.

Реформага ылайык орто кесиптик медициналык кадрларды даярдоо практикалык саламаттык сактоо менен биргеликте жүргүзүлөт жана 50% практикалык сабактар клиникалык базаларда клиникалык насаатчылар тарабынан окутулат.

Семинарды уюштуручуларга MERге жана  тренерлерге терең ыразычылык билдиребиз!

Фото галерея