2026-жылдын 4-февралында Кыргызстандын Медициналык колледждеринин ассоциациясы тарабынан "Sim-med" жана "Atlas Medical" ЖЧК компаниялары менен кызматташуу жөнүндө меморандумдун негизинде Бишкек медициналык колледжинин базасында Кыргыз Республикасынын медициналык колледждер үчүн окутуунун заманбап инновациялык технологиялары - симуляциялык муляждар жана фантомдордун көргөзмөсү өткөрүлдү.
Көргөзмөнүн алкагында медициналык колледждердин студенттерин практикалык багытта даярдоого арналган заманбап симуляциялык муляждар, фантомалар жана окуу жабдуулары көрсөтүлдү. Иш-чаранын катышуучуларына акыркы билим берүү технологияларын колдонуу менен калыптанган негизги клиникалык жана кесиптик көндүмдөр көрсөтүлдү.
Медициналык колледждердин билим берүү процессине симуляциялык окутууну киргизүү, симуляциондук борборлорду өнүктүрүү, ошондой эле орто медициналык кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.