#

Медайым-студенттердин клиникалык даярдыгын башкаруу, багыттоо жана баалоо боюнча семинар

ноябрь 11, 2022 207

2022-жылдан баштап төмөнкү медициналык колледждерде: БМК, Нарын МК, Токмок МК, Өзгөн ЭАМК жана ОшМУнун медициналык колледжинде "Медициналык айым иш" адистиги жаңы ыкма менен окутула баштады. Программанын жаңычылдыктарынын бири – жумуш ордунда клиникалык насаатчылардын болушу.
11-ноябрда MER проекти пилоттук колледждердин насаатчыларын жана клиникалык мекемелердин насаатчыларын даярдоо максатында медайым-студенттердин клиникалык даярдыгын башкаруу, багыттоо жана баалоо боюнча семинар өткөрдү. 

Семинардын жүрүшүндө пилоттук колледждердин өкүлдөрү жана клиникалык насаатчылар медайымдык процесстин этаптарын, медайымдык кийлигишүүнү, медайымдык документацияны кеңири талкуулашты, ошондой эле насаатчылыктын критерийлерин жана эрежелерин үйрөнүштү.

Медайымдардын адиси, Словения университетинин профессору Бригита Скела Савичтин эксперттик колдоосу менен катышуучулар клиникалык тренингде медайымдык жардамды документтештирүү куралдарын жана клиникалык окуудагы студенттердин прогрессине мониторинг жүргүзүү куралдарын кантип колдонууну үйрөнүштү.

Фото галерея