#

Пилоттук колледждер үчүн тренинг-семинар

июль 1, 2022 195

2022-жыл 27-июндан 1-июлга чейин Бишкеке шаарында эксперименталдык программанын катышуучулары үчүн "Кесиптик билим берүүдө компетентүүлүк мамилеге ылайык окуу-методикалык документтерди иштеп чыгуу жана технологияларды пайдалануу" аталышында семинар-тренинг болду. Семинар-тренингке Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин, Бишкек медициналык колледжинин, Нарын медициналык колледжинин жана Токмок медициналык колледжинин окутуучулары катышып, жыйынтыгында сертификаттарга ээ болушту.

Семинардын максаты: Окутуучуларды учурдагы мамлекеттик билим берүү стандарттары менен иштөөгө даярдоо, окуу-методикалык документтерди сабаттуу түзүү жана компетенттүүлүк мамиленин негизинде заманбап сабактарды иштеп чыгуу.

Тренер "Агартуу академиясы" коомдук фондунун президенти, "EdNet" агентигинин "Алтын эксперти", ОшМУнун Сапат департаментинин башчысы Алтыбаева Мейликан Алтыбаевна. 

Семинар MER долбоору жана Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциациясы тарабынан уюштурулду. 

 

Фото галерея