#

Тестология боюнча семинар-тренинг

ноябрь 29, 2022 147

КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин 2022-жылдын 19-апрелдеги №484 "Орто кесиптик билим берүүдөгү "Медициналык айым иши" адистиги боюнча эксперименталдык программаны киргизүү жөнүндөгү" буйругун ишке ашыруу максатында  пилоттук колледждерге семинар-тренингдер уюштурулууда. 2022-жылдын 18-19-октябрында Бишкек шаарында Бишкек медициналык колледжинин окутуучулары үчүн бир нече тандоо тесттик тапшырмаларды иштеп чыгуу боюнча тренинг өткөрүлдү.

Ушундай эле тренинг 2022-жылдын 28-29-ноябрь күндөрү Ош шаарында ОшМУнун медициналык колледжи менен Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин окутуучулары үчүн өткөрүлдү. Семинар MER проектинин колдоосу менен өткөрүлүүдө. Тренерлер: медицина илимдердин кандидаты, КММАнын доценти К.Г.Кожоназарова жана MER проектинин "Медициналык айым иши" боюнча координатору А.Мамбетова. 

Тренингдин максаты окутуучуларга студенттердин билимин текшерүү үчүн түзүлгөн тесттик тапшырмаларды методикалык компетенттүү түзүүгө жардам берүү болуп саналат.

Эки күндүк тренингде ар кандай типтеги жана татаалдык деңгээлиндеги тесттик тапшырмаларды иштеп чыгуу жана экспертизалоо методикасынын фундаменталдык принциптери талкууланды. Жыйынтыктоочу этапта окутуучулардын түзгөн тестерине мониторинг жүргүзүлүп, эксперттик баа берилди жана бардык катышуучулар сертификатка ээ болушту.

 

Фото галерея