#

Балдарга жана ымыркайларга квалификациялуу стационардык медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча тренинг

март 1, 2024 107

Саламаттык сактоо министрлигинин 2024-жыл 6-февралдагы №118 буйругунун негизинде "Балага дем алууга жардам берели" жана "Ар бир жаңы төрөлгөн балага негизги кам көрүү" программаларынын алкагында Кыргызстандын бардык облустарында теориялык-практикалык тренингдер өтүүдө. Аталган тренингке  Кыргызстандагы медициналык колледждердин окутуучулары да катышууда. Тренингдин максаты: Балдарга жана ымыркайларга квалификациялуу стационардык медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу. Тренинг Саламаттык сактоо министрлигинин, Неонатологдор ассоциациясынын жана Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциациясынын колдоосу менен уюштурулган. Тренингдин жыйынтыгында муляждар жана катышуучуларга сертификаттар тапшырылууда. 

 

Фото галерея