#

Швейцария Кыргызстандагы медициналык билим берүү реформасын колдойт

март 16, 2022 168

2022-жылдын 15-мартында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Швейцария Конфедерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Оливье Бангертерди кабыл алды.

Жолугушууга Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинин билим берүү долбоорлорунун улук координатору Эльвира Мураталиева да катышты.

Тараптар Кыргыз Республикасындагы медициналык билим берүүнү реформалоо жаатында кызматташууну талкуулашты.

Элчиликтин өкүлдөрү Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Кыргыз Республикасындагы медициналык билим берүүнү реформалоо» долбоорунун жыйынтыктоочу этабы тууралуу айтып беришти.

Атап айтканда, долбоордун алкагында Министрлик менен биргеликте медайымдарды окутуу үчүн жаңы окуу программалары иштелип чыккандыгы, аларды ушул жылдын сентябрынан тартып 4 пилоттук колледжге киргизүү пландалып жаткандыгы, ушуга байланыштуу окуу программасын Кыргыз Республикасынын башка медициналык кесиптик билим берүү уюмдарында жайылтуу жана долбоордун жыйынтыктарына мониторинг жана баалоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн кароо зарылчылыгы белгиленди.  

Министр Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагына кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди жана министрлик долбоорду аяктагандан кийин медициналык кадрларды даярдоону ишке ашыруунун сапатын биргелешип мониторинг жүргүзүүгө жана баалоого даяр экендигин билдирди. Министр ошондой эле мониторингдин жыйынтыгына жараша министрлик жаңы окуу планын Кыргыз Республикасынын башка медициналык билим берүү уюмдарына жайылтуу мүмкүнчүлүгүн карай турганын билдирди.