21-май, 2026 - Кыргызстандын медициналык колледждер ассоциациясынын төрагасы О.Т.Станбаев «Ухань борбордук тышкы экономикалык жана технологиялык кызматташтык тобу» компаниясынын (КЭР) Чет өлкөлүк операциялар департаментинин Борбордук Азия базарлары боюнча директору Хао Чжоу мырза менен расмий жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар орто медициналык билим берүүнү өнүктүрүү, эл аралык билим берүү программаларын киргизүү жана Кыргызстандын билим берүү мекемелери менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Манас шаарындагы Жалал-Абад медициналык колледжинин базасында биргелешкен билим берүү программаларын ачуу маселеси боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетишилди.
Ошондой эле медициналык кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатууга, академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүүгө жана биргелешкен эл аралык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган мындан аркы эки тараптуу кызматташтыктын негизги багыттары жактырылды.