#

КРнын медайым тармагындагы адистердин ассоциациясынын 10 жылдыгына арналган Эл аралык форум

ноябрь 11, 2022 167

2022-жыл 9-ноябрда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын медайым тармагындагы адистердин ассоциациясынын 10 жылдыгына арналган «Кыргызстандагы медайымдык жана акушердиктин келечеги. Эл аралык профессионалдык мейкиндикке интеграциялоонун келечеги» Эл аралык форум болуп өттү. Аталган форумга КРнын  Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, ССМ министри Гулнара Батырова, Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Авазбек улуу, Швецария элчилиги, MER проект реформанын директору Бруно Лаб, Эл аралык эксперт, Словения университетинин профессору Бригита Скела Савич, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү, Казахстан жана өлкөбүздөн келген меймандар катышышты.

Форумдун жүрүшүндө Билим берүү бөлүгүндө панелдик дисскусциялар, талкуулар жүргүзүлдү. Ошондой эле учурда орто кесиптик билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалар жана ага  эки баскычтуу бакалавриат, магистратура, PhD – доктарантураны киргизүү моделдери талкуланды. Реформаларды жүргүзүүгө жана андагы көйгөйлүү маселелерди талкулоого Кыргызстандагы пилоттук медициналык колледждер активтуу катышууда.  

Фото галерея