#

Биз жөнүндө

март 25, 2022 133

"Кыргыз Республикасындагы медициналык билим берүүнү реформалоо" долбоору биз жөнүндө

Биздин өлкөдө Кыргызстандагы медициналык колледждеринин ассоциациясы (КМКА) бар экенин билесизби?

КМКАсын түзүү Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин директору Станбаев Өзгөнбай Тиллебаевичтин демилгеси болуп саналат, жалпы жыйнда ал төрага болуп шайланган.

Ассоциациянын максаттары жана милдеттери Кыргызстандын медициналык окуу жайлары менен биргеликте бирдиктүү билим берүү программасын иштеп чыгуу, Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан Кыргызстандагы медициналык билим берүүнү реформалоо долбооруна активдүү катышуу жана салым кошуу болуп саналат. 

Белгилей кетсек, Медициналык колледждер ассоциациясынын активдүү www.kmka.kg сайты бар, анда ассоциациянын ишмердүүлүгү менен кененирээк таанышып, Кыргызстанда кайсы медициналык колледждер бар экенин билсеңиз жана сизге керектүү колледждин өкүлдөрү менен суроолоруңуз боюнча байланышсаңыз болот. Алар ошондой эле «Кыргызстандагы Медициналык Колледждердин Ассоциациясы» аты менен социалдык тармактарында активдүү. 

#merproject_ассоциации