2026- жылдын 17- март күнү Казакстан Республикасынын Талдыкорган жогорку медициналык колледжи тарабынан уюштурулган «Орто медициналык кызматкерлердин глобалдык коомдук саламаттыкты сактоону камсыз кылуудагы ролу: заманбап чакырыктар жана инновациялык чечимдер» аттуу илимий - практикалык эл аралык онлайн конференцияда медициналык колледждин фармация адистигинин студенттери 1-орунга ээ болушту. Медициналык колледждердин студенттери үчүн илимий-практикалык онлайн конференцияда фармация адистигинин 2- курсунун студенттери Сайфидинова Эльмара Элнуровна, Турдуахунова Бегимай Элдиярбековна «Жаңы дем. Дары өсүмдүктөрүнөн жасалган тиш порошогу” аттуу темада доклад жасашты. Даярдаган окутуучулар Рысбеков Нурдөөлөт Рысбекович, Жакыпова Гулмира Мамадалиевна болду.