#

Казакстан Республикасынын Талдыкорган жогорку медициналык колледжи уюштурган илимий -  практикалык конференцияга медициналык колледждер катышышты.

March 23, 2026 9

2026- жылдын 17- март күнү Казакстан Республикасынын Талдыкорган жогорку медициналык колледжи тарабынан уюштурулган «Орто медициналык кызматкерлердин глобалдык коомдук саламаттыкты сактоону камсыз кылуудагы ролу: заманбап чакырыктар жана инновациялык чечимдер»  аттуу илимий -  практикалык эл аралык онлайн конференцияда медициналык колледждин фармация адистигинин студенттери 1-орунга ээ болушту. Медициналык колледждердин студенттери үчүн  илимий-практикалык онлайн конференцияда фармация адистигинин  2- курсунун студенттери Сайфидинова Эльмара Элнуровна, Турдуахунова Бегимай Элдиярбековна «Жаңы дем. Дары өсүмдүктөрүнөн жасалган тиш порошогу” аттуу темада доклад жасашты. Даярдаган окутуучулар  Рысбеков Нурдөөлөт Рысбекович, Жакыпова Гулмира Мамадалиевна болду.

Photo gallery