
2025-жыл 14-15-апрель күндөрү Бишкек шаарында "Кыргыз Республикасында реабилитациялоо чөйрөсүндө кадрларды өнүктүрүү" аталышында форум өтүүдө. Форумга КР ЖКнин депутаты А. Манашова, КМКАнын президенти О.Т.Станбаев,ОшМУнун эл аралык медицина факультетинин деканы, профессор Р.Калматов, декандын орун басары Ж. Абдирасулова, БМКнин директору Ч.С.Усубалиева катышышты. Жолугушуунун максаты реабилитация чөйрөсүндөгү чечимдерди кабыл алуучулардын жана башка кызыкдар тараптардын ортосунда Кыргыз Республикасында компетенттүүлүккө негизделген реабилитациялык билим берүүнү өнүктүрүүнү колдоо маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги талкууну өткөрүү болуп саналат. Билим берүү мекемелеринде жаңы квалификацияларды түзүү аркылуу квалификациялуу адистердин санын көбөйтүү жолу менен Кыргызстанда реабилитациялык кызматтарды даярдоону өнүктүрүү боюнча Жол картасын жана пландарын иштеп чыгуу.
Жолугушууда төмөнкү маселелер каралды:
1) реабилитациялык кызматкерлерди окууга даярдоодо саясий колдоону жана жетекчиликти камсыз кылуу боюнча стратегияларды аныктоо;
2) өлкө ичинде да, ошондой эле эл аралык тажрыйбасы бар өнөктөштөрдү тартуу аркылуу да, компетенттүүлүккө негизделген реабилитациялык билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча жол картасын иштеп чыгуу;
3) өлкөдө реабилитациялык билим берүүнү күчөтүү боюнча план түрүндө кийинки кадамдарды белгилейт.