#

«Чек арасыз дарыгерлер-Швейцария” эл аралык гуманитардык уюмунун кеңешмеси болду

ноябрь 13, 2024 214

Бугун, 2024-жыл 13 ноябрь күнү Бишкек шаарында «Чек арасыз дарыгерлер” эл аралык гуманитардык уюмунун "Чүй облусунда 30-49 жаштагы аялдар арасында адамдын папиллома вирусу жогорку геногендик типтеринин таралышы боюнча изилдөөнүн жыйынтыктарын сунуштоо" боюнча  кеңешмеси болду. Аталган иш чарага КМКАнын төрагасы жана Бишкек МК, Карабалта МК, Нарын МК, Токмок МК, ОшМУнун медициналык колледждерини директорлору катышышты.

Белгилей кетсек буга чейин «Чек арасыз дарыгерлер-Швейцария” эл аралык гуманитардык уюмунун колдоосу менен "Эмчек жана жатын моюнчасынын рагын эрте алдын алуу аркылуу аялдардын ден соолугун сактоо" скрининги боюнча медициналык колледждердин акушер-гинеколог окутуучулары теориялык жана практикалык көндүмдөр боюнча тренингдерден өтүшкөн. Жумуш берүүчүлөрдүн жана долбоордун сунушу менен адистиктин Негизги кесиптик билим берүү программасына киргизилгендигин белгилеп, жемиштүү кызматташкандыгы үчүн  «Чек арасыз дарыгерлер-Швейцария” координатору Андреа Иссенегерге КМКАнын "Ыраазычылык баракчасы" тапшырылды.

Фото галерея