2024-жылдын 3-сентябрь күнү 2024-2025-окуу жылына карата Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциациясынын  жалпы жыйыны онлайн форматта болуп өттү. Жалпы жыйында төмөндөгү маселелер каралды:
	- Жаңы 2024-2025-окуу жылына Кыргызстандагы медициналык колледждердин даярдыгы: 
 
	- Адистиктердин окуу планы;
 
	- НКББПдагы өзгөрүүлөр;
 
	- 5 пилоттук колледжде окутулган эксперименталдык “Медициналык айым иши” адистигинин окуу планы 2024-2025-окуу жылына жаңыланды.
 
	- Прикладдык бакалавриатты киргизүү.
 
	- Орто медициналык билим берүүдө колледжинде жүрүп жаткан реформалар:
 
	- Бардык адистиктер боюнча жумушчу топ түзүлүп, башка колледждерден эксперттер кошулуп, чет элдик жана ички-сырткы эксперттер менен биргеликте жаңы кесиптик билим берүү программалары түзүлүүдө;
 
	- Негизги жалпы билим берүүнүн негизинде кесиптик билим берүү программаларын киргизүү.
 
	- КМКАнын съездин өткөрүү:
 
	- Уюштуруу комитетин сунуштоо, бекитүү;
 
	- Съездин күнүн белгилөө;
 
	- Жумшушчу топ түзүү;
 
	- Редакциялык коллегияны бекитүү;
 
	- Уюштуруу иштериндеги финансылык чыгымдарды талкуулоо;
 
	- Медициналык колледждердин рейтинги съезде чыгарылат.
 
	- Ар түрдүү маселелер.
 
	- КМКАнын 2024-2025-окуу жылына карата иш планын бекитүү;
 
	- “Мээрбан” тиркемеси электрондук платформа;
 
	- Ревизиялык комиссияны шайлоо;
 
	- Дуалдук окутуунун жобосу;
 
	- Физикалык терапия адистигинин НКББП, кесиптик стандартын жана типтүү программаларын иштеп чыгуу.