#

Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциациясынын жалпы жыйыны болду

сентябрь 3, 2024 76

2024-жылдын 3-сентябрь күнү 2024-2025-окуу жылына карата Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциациясынын  жалпы жыйыны онлайн форматта болуп өттү. Жалпы жыйында төмөндөгү маселелер каралды:

  1. Жаңы 2024-2025-окуу жылына Кыргызстандагы медициналык колледждердин даярдыгы: 
  • Адистиктердин окуу планы;
  • НКББПдагы өзгөрүүлөр;
  • 5 пилоттук колледжде окутулган эксперименталдык “Медициналык айым иши” адистигинин окуу планы 2024-2025-окуу жылына жаңыланды.
  • Прикладдык бакалавриатты киргизүү.
  1. Орто медициналык билим берүүдө колледжинде жүрүп жаткан реформалар:
  • Бардык адистиктер боюнча жумушчу топ түзүлүп, башка колледждерден эксперттер кошулуп, чет элдик жана ички-сырткы эксперттер менен биргеликте жаңы кесиптик билим берүү программалары түзүлүүдө;
  • Негизги жалпы билим берүүнүн негизинде кесиптик билим берүү программаларын киргизүү.
  1. КМКАнын съездин өткөрүү:
  • Уюштуруу комитетин сунуштоо, бекитүү;
  • Съездин күнүн белгилөө;
  • Жумшушчу топ түзүү;
  • Редакциялык коллегияны бекитүү;
  • Уюштуруу иштериндеги финансылык чыгымдарды талкуулоо;
  • Медициналык колледждердин рейтинги съезде чыгарылат.
  1. Ар түрдүү маселелер.
  • КМКАнын 2024-2025-окуу жылына карата иш планын бекитүү;
  • “Мээрбан” тиркемеси электрондук платформа;
  • Ревизиялык комиссияны шайлоо;
  • Дуалдук окутуунун жобосу;
  • Физикалык терапия адистигинин НКББП, кесиптик стандартын жана типтүү программаларын иштеп чыгуу.

Фото галерея