#

"Кесиптик орто окуу жайларда дуалдык окутуу" курсу

июнь 11, 2024 138

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык илимий-методикалык борборунда Кыргызстандагы орто кесиптик окуу жайлар үчүн 2024-жыл 3-июндан 12-июнга чейин “Кесиптик орто курсу окуу жайларда дуалдык окутуу” темасындагы курс уюштурулду. Аталган курска окуу жайлардын директорлордун окуу иштери боюнча орун басарлары, бөлүм башчылар, ПЦК башчылары катышууда. Курстун жүрүшүндө катышуучулар "Дуалдык окутуу" ийгиликтүү ишке ашып жаткан кесиптик орто окуу жайлар менен таанышты. 

Курстун максаты "Дуалдык окутуу жана Иш ордунда окутуу" системасын орто кесиптик окуу жайларга жана кесиптик лицейлерге киргизүү, насаатчылыкты өркүндөтүү, студенттерге кесиптик көндүмдөрдү практикада иш ордунда калыптандыруу.

Аталган курска медициналык колледждердин структура жетекчилеринен да катышып, сертификаттарга ээ болушту. 

Фото галерея