#

Прикладдык бакалавриат программасы боюнча семинар болду

июнь 5, 2024 75

2024-жылдын 3-5-июнь күндөрү ССМ 30.Б5.2024-ж. №576 буйругунун негизинде Бишкек шаарында пилоттук колледждердин окутуучулары үчүн семинар уюштурулду. Казахстан Республикасынын Талдыкоргон жогорку медициналык окуу жайынан директору Джансенгиров Серик Максимович баштаган окутуучулары менен пилотттук колледждердин окутуучулары тажрыба алмашуу, билимин жогорулатуу максатында жана иш берүүчүлөрдүн сунуштарынын негизинде пилоттук программаларды талкулашты. Сунуш пикирлерди эске алуу менен программаларды өркүндөтүү, оңдоо жагы белгиленди. 
Талдыкорган жогорку медициналык колледжинин директору өз ара кызматташууну мындан ары өркүндөтүү, прикладдык бакалавриат программаларын түзүүдө өз тажрыйбалары менен бөлүшөрүн жана да колдоорун белгиледи.
Семинардын аягында сертификаттар тапшырылып, КР Саламаттык Министрлиги  тарабынан Н.Э.Жусупбекова, КМКАнын төрагасы Ө.Т.Станбаев  Казахстандын Талдыкурган жогорку медициналык окуу жайынын директоруна жана окутучуларына терең ырапзычылык билдирүү менен ыраазычылык баракчаларын беришти. 

Иш чара "Кыргызстанагы медициналык билим берүүнү реформалоо" долбоору, Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциациясы жана пилоттук колледждердин колдоосу менен өткөрүлдү. 

Фото галерея