
2024-жылы 7-8-май күндөрү ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжи "Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо" агенттиги тарабынан программалык аккредитациядан ийгиликтүү өтүп, эксперттик комиссиянын корутундусу менен 5 жылдык мөөнөткө өткөрүү Аккредитациялык кеңешке сунушталды. Аккредитациядан 060102 "Акушердик иши", 060108 Фармация", 060109 "Медициналык айым иши" адистиктеринин негизги кесиптик билим берүү программалары өткөн. Колледждин жалпы жамаатын куттуктап, ийгилик каалайбыз.