MER проектинин колдоосу менен эксперименталдык колледждердин клиникалык насаатчылары үчүн кезектеги тренингдер уюштурулууда. Токмок медициналык колледжинде 27-мартта, ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде 16-17-апрелде, ОшМУнун медициналык колледжинде 18-19-апрелде "Эксперименталдык медайым иши" адистиги боюнча тандалып алынган клиникалык насаатчыларга тренинг өткөрүлүп, сертификаттар тапшырылды. Бул багытты өнүктүрүү Кыргызстандагы болочок медайымдардын көндүмдөрүн жана билимдерин өнүктүрүүдө, аларды медицина тармагында эффективдүү практика менен камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт. MER долбоору өлкөдөгү медайымдык билим берүүнүн жана саламаттыкты сактоонун сапатын жакшыртууга салым кошуп, бул процессте олуттуу колдоо көрсөтүүнү улантууда.