
2024-жылдын 17-апрелинде өлкөнүн медициналык колледждеринде акушер адистигинин кесиптик стандартын күнүмдүк практикага жана окуу пландарына киргизүү боюнча тегерек стол болуп өттү. Адистикке профессионалдык стандартты киргизүү акушердик иши адистигинин студенттери үчүн окуу программалары адистин кесиптик стандартына жооп бериши үчүн зарыл.
MER долбоору акушердик адистиктин профессионалдык стандартын иштеп чыгууну колдоо көрсөттү. Ошондой эле, долбоордун колдоосу менен башка адистиктер боюнча кесиптик стандарттар түзүлдү.