#

«Жатын моюнчасынын жана сүт безинин рак илдетин эрте аныктоо» окутуу семинары

март 7, 2024 74

КРнын Саламаттык сактоо инистрлигинин 16.02.2024 №183 Буйругуна ылайык 2024-жыл 6-мартта Бишкек шаарында «Жатын моюнчасынын жана сүт безинин рак илдетин эрте аныктоо»  темасында окутуу семинары болду. Кыргыз Республикасындагы Сүт бези жана жатын моюнчасынын рагына каршы күрөшүү программасынын алкагында, «Чек арасыз дарыгерлер Швейцария» эл аралык медициналык гуманитардык уюмунун менен (MSF) Кыргыз Республикасынын медициналык колледждеринин типтүү окуу программасына рак илдетин эрте аныктоо үчүн сүт безинин (эмчек) жана жатын моюнчасынын базалык скрининги боюнча окутуу курсун киргизүү аркылуу Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагынын медицина кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу максатында өткөрүлдү. Окутуу-семинарына медициналык колледждердин окутуучулары катышты.

Аталган семинар 13-март күнү Ош шаарында да өткөрүлөт.

Фото галерея